Бүгүн, 18-февралда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө аскердик техникалар тапшырылды. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аскердик техникалар Түркия тарабынан берилди.

 Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет.

Техникаларады тапшыруу иш-чарасына коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Ахмет Садык Доган, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

«Аземдин жүрүшүндө Таалайбек Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.