Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин Ыкчам башкаруу борборуна барды.

Мекеменин иши менен Ички иштер министри Улан Ниязбеков тааныштырды.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча ыкчам башкаруу борбору күнү-түнү иштейт. 400 видеокөзөмөл камерасынын жардамы менен күнүмдүк мониторинг жана кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Акылбек Жапаров ошондой эле патрулдук милициянын техникасын – унааларды, портативдик радиостанцияларды жана башка көптөгөн атайын техникалардын үлгүлөрүн көрүп чыкты.

Андан соң Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин 2021-жыл жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары боюнча коллегиялык жыйынына катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө Жапаров белгилегендей, 2021-жылы ички иштер органдары алдыга коюлган милдеттерди жалпысынан ыкчам чечкен.
«Бирок республиканын жарандары бийликтин бардык деңгээлдеринен, бардык мамлекеттик ведомстволордон, анын ичинде укук коргоо органдарынан кыйла натыйжалуулукту күтөт. Республиканын экономикалык жыргалчылыгы финансисттерден гана эмес, сиздерден да көз каранды. Өлкөдө тартип болуп, жарандар өздөрүн коопсуз сезсе, бизге инвесторлор келип, шаарлар, аймактар өнүгүп, тышкы миграция азаят. Ар бир милиционер өзүнүн кызматтык милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылса, калктын жалпы ички иштер органдарына болгон ишеними жогорулайт. «Менин милициям мени коргойт» деген түшүнүк орноп, эл кайрадан сиздерге ишеним артуусу үчүн күч-аракетиңиздерди жумшооңуздар керек», — деди Жапаров.