ИИМде ички иштер органдарынын 2021-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, коллегияга министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, “Унаа” мекемесинин, ошондой эле жер-жердеги шаардык-облустук-райондук ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйынга чейин Акылбек Жапаровду ИИМдин командалык борборунун иши менен тааныштырышты. Кызматтык унааларды, көчмө портативдик радиостанцияларды жана патрулдук милициянын атайын техникасынын көптөгөн үлгүлөрүн көрсөтүштү.

Акылбек Жапаровго ИИМдин башчысы борбордун ишмердүүлүгү, күнү-түнү иштеген 400 видеобайкоо камералары, ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле министрлик тарабынан өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын азайтуу максатында ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлө турган 60 унаа сатып алынгандыгын айтты.

ИИМдин коллегиясы алгачкы жолу электрондук документ жүгүртүү тутумун колдонуу менен өткөнүн белгилеп кетүү керек. Электрондук документ жүгүртүү санариптештирүүнүн негизги элементтеринин бири болгондуктан, коллегиянын бардык катышуучулары планшет менен камсыздалган. Кагаздан электрондук форматка өтүү заманбап стандарттардын жаңы деңгээлине чыгуу болуп саналат.

Министрлер кабинетинин башчысы жыйындын жүрүшүндө 2021-жылы ички иштер органдары алдыларына коюлган ар бир тапшырманы ыкчам чечкенин билдирди.

Коллегияда биринчи маселе боюнча ички иштер министринин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2021-жыл ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгиледи.

“2021-жылдын 12 айында ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердиги кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана кызматкерлердин ишмердиктерине шарттарды түзүп берүүгө багытталды. Буга байланыштуу, азыркы заманбап шартта эл аралык кызматташтыкты жана калкка сервистик тейлөөнү чыңдоого максималдуу аракеттер көрүлдү. Ошону менен бирге, өлкөбүздө жарандардын коопсуздугун камсыздоо менен бирге болуп өткөн маанилүү коомдук иш-чараларда коомдук тартип жогорку деңгээлде сакталды. Тактап айтканда, ири шайлоолор убагында, кышкы-жайкы туристтик мезгилдерде, андан тышкары, 28-30-апрелинде орун алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалдарында “аскердик коркунуч” баскычында ишмердик алып барылып, өлкөбүздөгү ошол учурдагы ыкчам кырдаалды турукташтырууга өз салымыбызды коштук.

Жетишкен жактарыбыз негизинен ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүп, аларды жаңылоо иштеринин натыйжасында болду десек жаңылбайбыз. Отчеттук мезгилде 22 мыйзам долбоорлору жана 36 мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору боюнча иш алып барылды. Анын ичинен, 32 ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, 6 токтотулган, ал эми калган 20сы боюнча уюштуруу иштери алып барылууда.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги негизги басымды жер-жердеги ички иштер органдарын ишмердигин күчтөндүрүүгө багыттады. Борбордук аппараттардын түзүмдөрү оптималдаштырылып, бошогон штаттык бирдиктер шаардык-облустук ички иштер башкармалыктарына шаар-райондук бөлүмдөргө берилди. Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрү түзүлдү, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматтары күчтөндүрүлдү.

Бишкек шаарында Ыкчам – издөө бөлүмү түзүлдү жана Ысык-Көл облусунда Туристтик-экологиялык взводу ишке киргизилди. Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук долбоор катары бодикамера, электрондук планшет жана жаңы формалык кийим менен камсыздалган милициянын участкалык инспекторлорунун жаңы образы киргизилди.

Жалпылап белгилегенде, республикалык бюджеттин эсебинен 900 миллиондон ашуун кошумча акча каражаты Ички иштер министрлигине бөлүнүп берилип, ички иштер органдарынын ишмердигин жакшыртууга жумшалды. Ички иштер органдарынын ишмердигин мындан ары чыңдап, иш алып баруу боюнча 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан тапшырмалар коюлган. Коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн профилактика иштерин күчтөндүрүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, сотко чейинки өндүрүш иштерин сапаттуу тергөө жана элге сапаттуу кызмат көрсөтүүнү туруктуу негизде өркүндөтүп, милициянын жаңы образын коомго тартуулоо боюнча кадамдык иш-чаралар бекитилип азыр ар тараптуу иш-аракеттер жүрүүдө.

ашкы прокуратуранын статистикалык отчетуна ылайык, 12 айда ички иштер органдарында жалпы 143 миң 360 кылмыш жана жорук катталган. Анын ичинде, кылмыштар 82 миң 925 жана жоруктар 60 миң 435ти түзгөн. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 69 миң 742 кылмыштардын жана жоруктардын ичинен 38 миң 516 бети ачылган, бетин ачуу 55,2% түзгөн, салыштырмалуу 16,5%га көп ачылган. Өткөн жылы 26 миң 422 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, салыштырмалуу 13,4%га көп жиберилген.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан 1 миң 203 кылмыштар жана жоруктар катталып, 3 тонна 737 кг. 485 гр. баңгизаттар алынган. Диний экстремизмге токтолсом, өлкө аймагында диний экстремизмди, улуттар жана аймактар аралык кастыктарды козутууну алдын алуу боюнча калк арасында 4 миң 647 маалымдоо иш-чаралары өткөрүлгөн. Иш-чаралардын жүрүшүндө диний экстремизм багытында 566 факты жана диний экстремисттик уюмдардын 5 уюшкан тобу аныкталган. Жалпысынан 2 миң 523 далил заттар алынган, анын ичинде, 8 ноутбук, 171 китепчелер, 1730 кол жазмалар, баракчалар, 182 телефондор, 148 атайын дисктер, 15 сим карталар, 136 плакаттар, 131 аудио-видео жазуулар, 1 жардыруучу зат жана 1 ок атуучу курал алынган. Андан тышкары, интернет тармактарында экстремисттик, террористтик мүнөздөгү жана рассалык, улуттар, диний же аймактар аралык кастыкты козутуучу 39 материалдар, 63 сайттар жана 20 аккаунттар аныкталып, соттун чечиминин негизинде 38 сайтка бөгөт коюлган. Андан тышкары, 315 фото-видео материалдар өчүрүлгөн.

Коомчулуктун чордонунда болгон жол унаа кырсыктарына токтоло кетпесем болбойт. Жол унаа кырсыктары бардык шаарларда, облустарда өсүүдө. Мисалы, 7 миң 437 жол унаа кырсыгы катталган, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 21,3%га, каза болгондор 14,8%га, жаракат алгандар 23,2%га өскөн. Адыл Бийбосунов жол кырсыктарынын жалпы абалына кыскача токтолуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу багытында атайын чаралар жогорку деңгээлинде жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи, демек бул багытта үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү керек”, — деди Адыл Бийбосунов.

Министрдин биринчи орун басары сөзүнүн аягында кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштардын бетин ачууну жакшыртуу, сапаттуу мыйзам чегинде тергөө жүргүзүү жана ошондой эле кызматтык тартипти да бекем сактоону, өздүк курам арасында таалим тарбияны жакшыртууну да учурдун негизги талаптары экендигин баса белгиледи.