Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өтүп, анда 17 маселе каралды.

Атап айтканда, Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Ошондой эле Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси жана Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Белгилесек, тизме аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталат.

Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарды, атап айтканда, Баткен облусун өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн кепилдиктер берилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын болорун, анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алышты.

Ошондой эле асыл тукум мал чарбасы жана ирригация жаатындагы агрардык илимди өнүктүрүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим долбоорлору жактырылды.

Мындан тышкары, экспресс-тесттерди жана чыгымдалуучу материалдарды сатып алууга кошумча каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим жактырылды.

Министрлер Кабинети 2022-жылга Статистикалык программаны, өз алдынча куруп алган курулуштарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө убактылуу жобону бекиттти.