Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка спикер Талант Мамытов кол койду. Эркинбек Каимовдун журналистика тармагында чоң тажрыйбасы бар экени белгиленет.

Буга чейин ал Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

Ошондой эле КТРКда “Ала-Тоо”, “Жетиген”, “Кыргызстан”, “Кыргызстан жумалыгы” маалыматтык-аналитикалык берүүлөрүнүн алып баруучусу болгон.