Бүгүн, 21-февралда, өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 10…15 градус, Ысык-Көл облусунда 2…7, Нарын облусунда күндүз -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Борбор калаабыз Бишкекте жаан жаабайт, күн ачык болот, абанын күндүзгү температурасы 11…13 градус болот.