Лейлек районунун чек аралаш айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Гафуров районунун аксакалдарынын Ынтымак жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстандын Борбордук айылы менен Тажикстандын Хистеварз айылы менен чектешкен жерде уюштурулуп, ага Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана Тажикстандын Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода катышты.

«Жолугушууда эки тараптын аксакалдары ынтымак чайын ичип, эки элдин ынтымагын бекемдөөнү, ошону менен бирге жаштарды да ынтымакка чакырып, биримдикте жашоо керектигин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуу буга чейин 4-февралда Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдарынын катышуусунда өткөрүлгөн.