Милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, аларды патриоттук сезимге, Ата-Мекендин алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти так аткарууга тарбиялоодо, офицердик жан дүйнөсү менен милдетти жана ар-намысты так түшүнгөн кары адамдардын кесиптик жана турмуштук зор тажрыйбасы өтө зарыл.
Ардагерлер эрдиктин үлгүсү, ишенимдүү камкорчулар жана милициянын мыкты салттарын улантуунун кепилдиги болуп келишкен жана болуп кала беришет. Ардагерлердин түздөн-түз катышуусу менен ондогон жана миңдеген кылмыштарга бөгөт коюлуп, бети ачылган.

2022-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан буйрукка кол коюлуп, ага ылайык 2021-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктөрү боюнча ички иштер органдарынын ардагерлеринин мыкты кеңештери аныкталган. Ошентип, ардагерлер кыймылын өнүктүрүүгө, жаш кызматкерлерди патриоттук жана адептүүлүккө тарбиялоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүүгө кошкон зор салымдары үчүн ведомстволук жана акчалай сыйлыктар менен төмөнкүлөр сыйланышты:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү:

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам кызматтарынын Ардагерлер кеңеши, атайын вымпел жана «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын, Республикалык “Намыс” коомдук уюмунун Ыкчам кызматтарынын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңештери, атайын вымпел жана «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» дипломдору менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү:

— Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши атайын вымпел жана «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

— Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын ИИОнун облустары боюнча «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

— Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» дипломдору менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын ИИОнун Мыкты Ардагерлер кеңешинин кийинки төрагалары диплом менен сыйланышты:

— Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Самүдүн Айдаров;

— Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Камчиев Курсанбек Камчиев;

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Сатыбалдиев;

— Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Джумабек Джугараев;

— Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Калыбек Кыдыкбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы