Спорт
Волейбол боюнча турнирде Лейлектин аймдыры 2-орунду алышты
Бишкекте 19-февралда айымдар арасында волейбол боюнча «Ош ынтымагы» турнири болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнирге жаш курагы 35 жаштан өйдө айымдардан куралган 11 команда катышкан.
Жыйынтыгында Лейлектин аймдыры 2-орунду камсыздашкан.
1- орун Ноокат-1
2- орун Лейлек
3- орун Кара-Кулжа
4- орун Аксы
Белгилей кетсек, 35 жаштан өйдө айымдар арасында шерине топ бир канча мезгилден бери өткөрүлүп келет. Айымдар спорттун бул түрүн ден-соолук үчүн пайдалуу деп эсептеп, жалпы аялзатын спорт менен машыгууга үндөшөт.