Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жапаров аталган аймакта эки күн болот.

«Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы Баткен облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош — Ноокат — Баткен автожолун реконструкциялоо иши менен таанышмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ал министрлер кабинетинин көчмө жыйынын ошол жактан өткөрөрү кошумчаланды.