2022-жылдын 21-февралынан тарта Диагностикалык борбор кайрадан иштеп жатат, деп билдирди Медициналык академиянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, борбордо диагностикалык кызматтар көрсөтүлөт: УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, 24 сааттык мониторинг, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентгендик изилдөө.
Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар. Мекеменин дареги: Киевская 27/1.
Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги мекемеде көп тармактуу балдар ооруканасын уюштурууну пландаган.