Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүүгө бюджеттен 1 миллион 924 миң сом сарпталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов билдирди.

Өз кезегинде Эл аралык хоккей федерациясы чет элдик хоккейчилердин жатаканасын, жол кире акысын жана бонустарды, ошондой эле турнирге керектүү бардык шаймандарды төлөп берет.

Эске салсак, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары катышат. Ал 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам токтотулган.