Жапаров Ош – Баткен – Исфана жолун реабилитациялоо иши менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош-Баткен-Исфана жолундагы Ош — Ноокат — Баткен (28-75км) тилкесин реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табылды Тиллаев белгилегендей, Ош-Ноокат-Баткен автожолу эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп саналат.
Аталган объектинин курулушунун донору Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) болуп саналат.
Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133,58 млн АКШ долларын түзөт, анын 50 млн АКШ доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.
Белгилей кетсек, кредиттин калган бөлүгү жумшалуучу долбоорду ишке ашыруунун экинчи компоненти катары Бишкек-Ош жолунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу (таш кулоодон коргоочу курулушту куруу, көчкүдөн сактоочу дубалдарды куруу, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу) болуп саналат.
«Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат», — деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек.
«Келечекте жергиликтүү компаниялар чет элдик компаниялар менен аттаандашуу үчүн тажрыйба топтоп, заманбап техгологияларды жана аларды пайдаланууну үйрөнүшү керек», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.