Кыргызстандын ири ЖОЖдорунун студенттери коррупциянын бар экендиги тууралуу билдиришти.

КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин маалыматы боюнча, кеңеш Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте төмөнкү ЖОЖдордо кышкы сессияда студенттердин академиялык чынчылдыгы боюнча сурамжылоо жүргүзгөн:

• И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;

• Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

• К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;

• И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

• И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

• Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;

• Кыргыз-Россия Славян университети;

• Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети.

Сурамжылоого 1299 студент катышты, анын ичинен 37%ы алардын окуу жайларында коррупция бар деп жооп беришсе, 63%ы экзамендик сессия коррупциянын элементи жок өттү деп эсептеген.

Кыргыз-Россия Славян университетинин (64%) жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (50%) студенттери алардын окуу жайында коррупция бар деп эсептешет.

“Мындан тышкары, студенттер сессияны өткөрүүдө коррупциянын бардык элементтерин жана аларга кандай кысым көрсөтүүгө болорун активдүү айтып беришти. Сессияда пара берилдиби деген суроого респонденттердин 90% терс жооп беришти.

Сурамжылоого ылайык, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде академиялык ак ниеттүүлүк 100%ды түзөт. Эгерде студент акча талап кылуу жана коррупцияга туш болсо, студенттердин 49%ы мындай учурларда кайда кайрылууну билишет, 51%ы муну билишпейт”, — деп айтылат маалыматта.

Студенттерге КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин ишеним телефонуна: 0312 638725 байланышса болору айтылды.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши мындай сурамжылоону квартал сайын жана сессия учурунда дагы сөзсүз жүргүзүп туруу керек деп эсептейт.