Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирус 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 159 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 220 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 368 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 947 адам каза болду.