Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Мындан тышкары республикалардын жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимдерге кол койгон.

Белгилей өтсөк, буга чейин Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин Донбасстагы кырдаал боюнча жыйынын өткөргөнү жазылган. Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат.