КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан отун-энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын бетин ачуу жана демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен жабдуу боюнча Канттагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталып, ири финансылык зыян келтирилгени аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин жана дайындалган экспертизалардын алкагында тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүртүүгө боюнча туруктуу мыйзамсыз схемалардын бар экендиги тастыкталды.

Мазутту керектөөнүн тарифтерин жасалма жогорулатуу, жогорулатылган баада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле башка укук бузууларга жол берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 22,5 млн сом суммасында зыян келтирген.

Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын тактоого аныкталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын, ошондой эле бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу каналдарын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, өткөн айда УКМК тарабынан «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орлов жылуулук-сууканал ишканасынан да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 32,9 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.