Кара-Балта шаарынын Калинин жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен шаардын бир  бөлүгү ичүүчү суусуз калган. Бул тууралуу  мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Суу менен камсыздоо цехинин бригадасы жеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө», — деп айтылам маалыматта.

Маалым болгондой, Ленин, Калинин, Бейшеналиева жана  Свердлов көчөлөрүндө, ошондой эле Батыш кварталында саат 16.00гө чейин суу берүү убактылуу токтотулат.