КР ички иштер министри Улан Ниязбеков 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө ИИМ башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу кесиптештер жана ардагерлер!

Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

23-февраль- кайраттуу жана эрктүү адамдардын майрамы. Бул майрам намыскөйлүүлүктүн, чыдамкайлуулуктун символу жана өлкөнүн тагдырына кайдигер карабаган жана бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнагандардын башын бириктирип турган күн. Майрам эрктүүлүктү жана рухтун күчтүүлүгүн, кайраттуулукту жана баатырдыкты туюндурат. Жүрөгүбүздү сыймыктануу жана терең урматтоо сезими менен толтурат. Ички иштер министрлигинин өздүк курамы легендарлуу мурасты сактоо жана улантуу менен мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүн бекемдөө, жарандарды кылмыштуу кол салуулардан ишенимдүү коргоону камсыздоо үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө, күнү-түнү жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоодо алдыңкы катарда турушат. Коргоого муктаж болгондордун бардыгына жардам берүүгө ар дайым даяр.

Ак ниет эмгегиңиздер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздер Кыргыз Республикасынын ИИМдин алдында турган маанилүү жана жооптуу милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарасыздар деп ишенем.

Коомдук тартипти сактоого, азыркы милициянын ишмердүүлүгүнө жана жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого катышууну улантып жаткан ардагерлерге дагы таазим жана чоң рахмат.

Майрамыңыздар менен кымбаттуу достор! Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык каалайм.

Асманыбыз ачык болуп, өлкөбүздө ынтымак болсун!

Терең урматтоо менен,

Ички иштер министри

милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков».