Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата куттуктоосу:
«Урматтуу мекен сакчылары!
Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Жалпы мекендештер!
Сиздерди 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Ар бир адам баласы үчүн мекенден өткөн байлык, мекенден өткөн дөөлөт жок. Топурагы алтынга тете болгон мекенибизди көздүн карегиндей сактоо, коргоо ар бирибиздин милдетибиз.
Бүгүнкү күн бир гана аскер кызматкерлерине эмес баарыбызга таандык. Анткени ар бирибиз Ата Журтка кыянат кылбасак, өлкөбүздүн өсүп өнүгүүсүнө салым кошсок мекен алдындагы парзыбызды аткарып коргогон болобуз десем адашпайм.
Кыргыз эли илгертен эр жүрөк, тайманбас болуп, кыргыз жигиттери душман келсе катыгын берип, мекен үчүн тик турган. Биздин ата-бабаларыбыз жанын садага чаап болсо да эл-жерин көздүн карегиндей сактап келген. Кыргызда эзелтен “Чептен эрдин күчү бек”, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген маңыздуу сөздөр, накыл кептер таамай айтылып келген.
Эң негизгиси ата-бабаларыбыздын нечендеген кыйынчылыгын унутпай, мекенди көздүн карегиндей сактап кийинки урпактарга өткөрүп берүү баарыбыздын милдетибиз. Тынчтык заманда ынтымакта жашоо кечирип, элибиздин эртеңине кам көрүүбүз зарыл.
Ал эми аскер кызматкерлерине шарт түзүү багытында да колдоого аларлык аракеттер көрүлүп жатканы байкалууда.
Сөзүмдү аяктап жатып Кыргызстаныбызга тынчтык, элибизге ынтымак, ар бир үйгө бактылуулук каалайм! Мекенибиздин чеби бекем болуп, жамандыктан алыс бололу!» — деп жазылган куттуктоодо.