Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы медициналык окуу жайлардын клиникалык базасынын колдонулушуна анализ жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган комиссия министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 21-февраль күнү түзүлгөн.

Билдирмеге караганда, комиссия мүчөлөрү 15-мартка чейин медициналык билим берген мекемелерге барып жеринде клиникалык базанын колдонулушун текшерет. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатканын, алар талапка жооп бербей турганын айткан.