Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда октон жаракат алган Мирбек Султанбек уулуна Бишкектен батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тезирээк сакайып кетишин каалады, ошондой эле жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров Мирбек Султанбек уулу аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөткөнүн белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерине туруктуу негизде колдоо көрсөтүүнү улантууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган. Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган.