Райондордун акимдеринен тышкары жогорку кызматта тургандардан тарта молдолорго чейин ротацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги көчмө жыйында билдирди.

Ал буга чейин райондук администрациялардын башчылары аймактарга алмаштырылганын белгиледи.

“Лейлектен Кочкорго аким барган, эл тынчып эле отурат, бир дагы арыз жок. Районго ошол жактан өскөн баланы коюп койсо аны эч ким укпайт экен. Жакынкы арада президенттин тапшырмасы менен акимдерди эле эмес, андан кийинки чоңдорду да ротация кылалы деп жатабыз. Кийинчерээк үйлөр курулгандан кийин мектеп директорлорун ротация кылабыз. Мен молдолорду да ротация кылууну сунуштап атам”, — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Ошондой эле Жапаров Баткендеги студенттерге аймактагы университеттен тышкары Ош жана Бишкектеги окуу жайлардан да билим алуусуна шарт түзүлүш керектигин кошумчалаган.