Эртең, 25-февралда Бишкекте карызы бар 5 миңден ашык абонент аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSТС (Касса-24)», «Megacom», «О!» терминалдары, «О!», «MegaPay», «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банка», «Оптима Банк» жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. “Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Тундүк электр” ААКтын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.