Бүгүн Түркияда күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталат. Кыргыз балбандарынан кимдер чыгат?
Бүгүн, 24-февралда Түркияда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеш башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтөт.
Кыргызстандык балбандар төмөнкү күндөрү килем үстүнө чыгат:
24-февралда
63 кг — Дастан Кадыров, грек-рим күрөшү;
67 кг — Калы Сулайманов, грек-рим күрөшү.
25-февралда
62 кг — Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү;
68 кг — Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү;
76 кг — Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү;
72 кг — Бекжан Конурбаев, грек-рим күрөшү;
72 кг — Сүймөн Икрамов, грек-рим күрөшү.
26-февралда
125 кг — Жаппуев Музафар, эркин күрөш.
27-февралда
57 кг — Алмаз Сманбеков, эркин күрөш;
61 кг — Улукбек Жолдошбеков, эркин күрөш;
65 кг — Икромжон Хаджимурадов, эркин күрөш;
70 кг — Эрназар Акматалиев, эркин күрөш;
74 кг — Исламбек Орозбеков, эркин күрөш;
79 кг — Арсалан Будажапов, эркин күрөш;
86 кг — Нуртилек Карыпбаев, эркин күрөш;
86 кг — Саякбай Усупов, эркин күрөш;
92 кг — Мирлан Чыныбеков, эркин күрөш.