Журналист Абдувахаб Мониев 48 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, журналист ооруп жүргөн.
Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган.
Буга чейин «Асаба», «Агым» гезиттеринде кабарчы, «Учкун», «Ош жаңырыгы» жана «Эркин-Тоо» басылмаларынын башкы редактору болуп эмгектенген.
Ошондой эле «Генерал Ысакбек» патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.