Саудиянын Ajlanand Brothers холдингдер тобу узак мөөнөттүү инвестиция үчүн Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактары секторун жана энергетика тармагын изилдөөгө кызыгышты.

Мындай кызыгууну 20-февралда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов менен болгон жолугушууда аталган топтун вице-президенти Хишам Мохаммед Аль-Шариф билдирди, деп маалымдайт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Марипов билдиргендей, учурда Кыргыз Республикасынын бийлик органдары өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу, жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана инвесторлорду коргоонун укуктук механизмдерин өркүндөтүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Ал ошондой эле холдингдердин тобун 24-27-февралда Эр-Риядда өтө турган Кыргыз-Сауд бизнес форумуна жана көргөзмө-жарманкеге активдүү катышууга чакырды.