Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 24-25-февралда Нур-Султан шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганы айтылды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан быйыл Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылат.

Жыйындын алкагында каралчу маселелер:

Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык абал, интеграциялык бирикменин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашуу;

Жүктөрдү көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу;

2022-2023-жылдарга Биримдик өлкөлөрүндө жарандык авиакурулуш жаатындагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасы;

ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги;

«Евразиялык агроэкспресс» тездетилген контейнердик темир жол рельси жана айыл чарба продукциясын ташууну ишке ашыруу боюнча мүчө-мамлекеттердин биргелешкен долбоору;

ЕАЭБдеги өнөр жай инструменттерин баалоо жана мамлекттик колдоо көрсөтүү деңгээли тууралуу баяндама угулат.