Кыргызстандын Украинадагы элчилиги КР жарандары менен тыгыз байланышта, деп билдирет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта белгиленгендей, Украинада азыркы кездеги кырдаалга байланыштуу, КР Тышкы иштер министрлиги Украинада жайгашкан мекендештерибизге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, ал эми Украинага барууну пландаштырган мекендештерибизге жолго чыкпоону өтүнөт.

Элчилик Украинанын аймагындагы Кыргызстандын жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана КРнын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, а также «WhatsApp» группа Посольства;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 — номер горячей линии;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.