Кыргызстанда талапка жооп бербеген 12 жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарынын №6 формасын алуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы №334 “КРда билим берүү ишин лицензиялоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, билим берүү ишин лицензиялоого макулдук берүүдө эксперттик баалоо жүргүзүү, №6 форманы берүү (клиникалык базанын жана медициналык жабдуулардын болушу) саламаттыкты сактоо боюнча ыйгарым укуктуу орган, башкача айтканда Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик комиссиясы материалдык-техникалык базалардын жана медициналык жабдуулардын саламаттыкты сактоо тармагындагы медициналык жана фармацевтикалык билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиялык талаптарга ылайык келүү деңгээлине баа берет.

2021-жылы министрликтин эксперттик комиссиясы текшерүү жүргүзүп, анда клиникалык базаны колдонууда белгиленген стандартка ылайык келбестик аныкталган.

Жогорудагыларга байланыштуу КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасына ылайык, 12 жеке менчик медициналык билим берүү уюмунун №6 формасы алынат, анткени аталган мекемелердин клиникалык базаны колдонуусу белгиленген нормаларга туура келбейт.

Калган 5 жеке менчик медициналык билим берүү уюмунун Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы 2022-жылдын 15-мартына чейин көчмө жыйын уюштуруп, жеринде медициналык билим берүү мекемелери тарабынан клиникалык базаны коолдонуусуна анализ жүргүзүлөт.

“Өткөн жылы эксперттик комиссия текшерүү жүргүзгөн, анда айрым медициналык окуу жайлардын клиникалык базаны колдонуусундагы кемчиликтер аныкталган. Ушуга байланыштуу мен 5 жеке менчик медициналык окуу жайда гана кошумча текшерүү жүргүзүп, калгандарынын документтерин алып салууну чечтим. Республиканын медициналык колледждеринде да текшерүүлөр пландаштырылганын да белгилегим келет”, — деген Бейшеналиев.