Бүгүн, 25-февралда Түркияда өтүп жаткан рейтингдик Яшар Догу турниринде Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар килем үстүнө чыгат.

Бүгүн килем үстүнө чыга турган балбандардын тизмеси: Кыз-келиндер арасында 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова;

68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова;

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча 72 килограмм салмакта Бекжан Коңурбаев жана Сүймөн Икрамов килем үстүнө чыгат.

Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:30да башталат.