Мен өз мекенин сүйгөн патриот жараны катары, алдыма койгон бир топ максаттарым бар. Бала кезимде атам ар дайым “Балам элиңе ак кызмат кыл, ошонуң калат тарыхта” деп көп айтчу. Ошол сөз менин жашоомдун идеологиясы болуп эсептелет. Элим менен байланышкан көкүрөгүмдө жүргөн көп максат-тилектеримди ишке ашырып, бардык энергиямды жумшап эл өкүлү катары иштесем дейм .

Бишкек шаарына караштуу № 29 Свердлов районунан Жогорку Кеңешке талапкерлигимди коюп бара жатам. Бир айга чукул убакыттан бери сиздер менен жолугушуп, план, программам менен тааныштырып чыктым. Бир топ суроо-сунуштарыңыздарды уктум, кабыл алдым. Албетте райондун ички проблемалары менен тааныштыгым бар. Көпчүлүгүңүздөрдү эскилиги жеткен мектептер, бала бакчанын жетишпегени, ички жолдордун начарлыгы, канализация жана жылуулук түйүндөрүнө туташпаган турак-жайлар, коопсуздук жана жарыктандыруу, транспорт жана экология, билим берүү, спорт жана маданият ж.б багыттагы суроолор түйшөлтөт . Буларга мен сөзсүз көңүл бурам. Мындан тышкары, коопсуздуктун баардык түрлөрүн камсыздоо , жеке менчикти коргоо жана бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган Мыйзамдарды иштеп чыгууга басым жасайм. Коррупцияга каршы аеосуз каршы турам. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин статусун жогорулатууга, жумушсуздукту жоюу , иш орундарын түзүүгө артыкчылык берем.

Бир сөз менен айтканда, парламентке келүү менен мен сиздин депутатыңыз гана эмес, өнөктөшүңүз жана пикирлешиңиз боло алам.

Мен үчүн ар бир шайлоочунун добушу маанилүү. Сиз мага колдоо көрсөтүп, туура чечим кабыл аласыз деп ишенем!

Атазов Шайлообек Карыбековичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.С. Пасановдун тескөөсү менен талапкердин шайлоо фондунан каржыланды. 25-февраль 2022-жыл.