2022-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Нур-Султан шаарынын Полиция Департаментини Есиль райондук ички иштер башкармалыгына барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нур-Султан шаарынын Полиция Департаментинин башчысы, полициянын генерал-майору Марат Тулебаев келген конокторду башкармалыктын иши, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырып, иш бөлмөлөрүн көрсөттү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң, «Байтерек» монументинин аймагында жайгашкан туристтик полиция постуна барышты. Туристтик полициянын милдети туристтердин, башка мамлекеттердин жарандары келген учурда коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле чет элдик туристтерге коопсуздук жана мыйзамдарга тиешелүү бардык маселелер боюнча кеңеш берүү болуп саналат.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин делегациясы Алматы райондук №3 милиция бөлүмүндө болуп, полициянын сервистик моделинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Сервистик моделге ылайык, полиция кызматкерлери өздөрүн кылмыштуулук менен күрөшкөн аскерлер эмес, коомчулуктун досу катары көрүшөт. Кылмыштуулук полициянын эле эмес, коомдун көйгөйү. Ошондуктан жарандык коом менен өнөктөштүктү сактоо бул моделдин негизги принциптеринин бири болуп саналат. Бул үлгүдөгү полиция уюмдары социалдык кызматтар жана башка органдар менен жашы жете электерге жана укук бузуучуларга конкреттүү жардам көрсөтүү, коомдук топтор менен кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алууда жана көйгөйлөр менен күрөшүүдө бирге иштешет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Нур-Султан шаарында жайгашкан Калкты тейлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Борбордун негизги максаты – “бирдиктүү терезе” тутуму аркылуу өлкөнүн бардык жарандарына ар түрдүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү. Бул тоскоолдуктарды жана бюрократизмди унутууга, ошондой эле аларды толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы