Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Урматтуу Бейөкмөт уюмдар, проамериканский жарандык активисттер.

Сиздер тынчтык тилеп жатканыңыздар туура, бирок эки мамлекеттин ортосундагы согушка баа берип, бир тарабын күнөөлөп, алардын өлкө башчысын шылдыңдаганыңыздар ашыкча.

Украинаны шыкактап, козутуп, колдоп келген Батыш өлкөлөрү, Америка эмне кылды? Башына караан күн түшкөндө карабай кетти, таштап салды. Жардам берген жок.

Бирок ага карабай эле Америкадан грант алып жүргөндөр Путинди күнөөлөп митингге элди чакыруудасыңар. Сиздердин митинг эч кимге жардамы тийбейт, (балким алган гранттарыңарды отрабатываете) кайра зыяны көп.

Мисалы, силердин өткөргөн митингди Украиналык, батыш ММКлары сүрөттөрү менен өздөрүнүн сайттарына «Кыргызстанда Украинаны колдоп, Россияга каршы митинг өттү» деп көрсөтүшү толук мүмкүн.

Чындыгында 5-6 проамериканский грантоеды чыкканы аларга маанилүү эмес.

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилесине балким терс таасирин тийгизет. Учурда миллиондогон кыргызстандык иштеп, мигрант болуп жүрөт. Силердин ойлонбогон митинг, иш чараңар миллиондогон кыргызстандык жердештерибизге кесепети тийип жүрбөсүн?

Эки чоң мамлекеттин ортосундагы жаңжалга мурдуңарды тыгып, ушул жерден дагы грант ала калалы дебей ушул сапар тынч отурсаңар.

Орус менен украиндер тектеш, тууган эл. Экөө өздөрү чечип алышат, силердин ишиңер эмне? Бир жериңерди 🤌 эле отурсаңарчы!

Урматтуу укук коргоо органдары Россиядагы миллиондогон кыргыздын кызыкчылыгын, коопсуздугун эске алып, кыргыз-орус мамилесине жарака келтирүүгө себеп жарата турган ушундай иш чараны өткөрүүгө тыюу салып, чара көрсөңүздөр деп өтүнөт элем. Ар бирибиздин туугандарыбыз Россияда жүрөт.

Жалгыз чыгып алып, бүтүндөй Кыргызстан жана кыргызстандыктардын атынан сүйлөбөгүлө», — деген ал.