— Жеңе бул сизге…

Кайынсиңдим кылыктанып, эркелей кичинекей кутуну колума карматты. Ичим жылып, кубанганымды айтпа. Шаша-буша ача баштадым. Ичинде күмүш шакек бар экен.

— Атайын сизге майрамга алдым. Атамдан алдым акчаны. Мектептен чыгып кыздар менен базарга барганда көргөм. Аябай жаккан. Кечке үйдөсүз, мага сиңди төрөп бердиңиз, — деп күлүп карап турду.

Кубанганымдан кучактап бетинен өптүм. Кайынсиндим мектепте 10-класста окуйт.

Ачыгын айтсам бир жыл мурун ушул үйгө келин болуп келгенде кайынсиңдимден аябай корккон элем. Жалгыз болсо, анын устүнө аябай эрке экен деп.

Эсимде жаңы келин болуп келип, көшөгөдө отурганда жаныма келип отуруп, балмуздак алып берип, менин сумкама, атыр-упаларыма кызыга турган. Ошондо атырымды берсем аябай кубанган.

Коркконумдун дагы бир себеби кайынатамдын карындаштары кайынэнемди такыр койбойт экен кийлигишип. Менин көзүмчө деле 50гө чыгып калган апамды кемсинтип, ар кандай сөздөрду айтып жээригенсип турушат экен. Ошондо коркон элем, кокуй кийин кантем деп. Бирок, кайыненем жакшы аял экен, акылдуу, сабырдуу. Кызына да ошондой тарбия бериптир. Бир ирет кир жууп жатканда кайынсиңдим айтып калды.

— Жеңе билесизби… мен үйдө жалгыз кызмын. Жеңем болсо эжемдей көрөм, катуу айтып көңүлүн оорутпайм дечү элем. Анткени өзүңүз деле көрүп жатасыз го, атамдын эки карындашы апама такыр күн көргөзүшпөйт. Кийлигише беришет. Мен көп ирет апама болушуп, мага апам тууралуу айтканда «силердин үйүңөр башка, апама кийлигишпегиле»  деп беттерине эле айтат элем. Азыр айтпай калышты. Мен 5–6-класста окуп жүргөндө «апаң минтет», «апаң өз билгенин кылат» дешсе аябай жаман көрөт элем. Мен билем апам эң акылдуу аял. Мага да айтчу, «кийин жеңең болгондо ага кийлигишпе, ал да бирөөнүн кызы, агаңдын жубайы, жаңы келгенде сураганын аткарып жардам бергин» деп. Бирок, жеңе сиз келгенде чын эле чынылар кайда турарын билчү эмессиз эээ – деп каткырып калды.

— Ооба да, элестет силердин үйгө биринчи ирет келип жатсам. Эртең сен деле бирөөнүн үйүнө келин болуп барганда ушундай абалга туш келесиң.

— Ии жеңе билесизби, мен ойлой берет элем, стерва жеңе келсе кантем деп. Көрсө жакшы эле кыз турбайсызбы. Бирок кийин биз кандай кайынене болот болдук экен ээ, — деп күлүп калды.

Чынында да бирөөнүн үйүнө барып бүлөө болуу, аларга сиңип, түтүн булатуу деле оңой оокат эмес. Азыркы кыздар, жаштар ой-жүгүртүүсү, көз карашы такыр башка. Айрымдары ачык эле кайыненеси менен айтышып, так-кесе жооп беришет.

Жашоонун өзү багыты жок булактай, кайсы нукка бурсаң ошол багытка бет алган.  Ылайлап булгап алып, буркан-шаркан аккан селге айлантпай, туптунук аруу сезимин аздектеп, келин эмес, кызындай мамиле кылууда кайыненелердин амалкөйлүгү, акылы  жана сабырдуулугунан көп нерсе көзкаранды экендиги  талашсыз.

Жазгүл Баяналиева

 Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.