Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Спорттук иш-чара 24-27-февралда Стамбул шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта турнирдин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Алгачкы атаандашы россиялык Кристина Шумованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде артта калтырды.

Чейрек финалда Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен кез келди. Мекендешибиз атаандашына караганда өжөрлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде аны жеңди. Финалга чыкчу кармашта кыргызстандык спортчу германиялык Франци Рейделтти 6:1 эсебинде артта калтырды.

Ал эми акыркы кармашта Айпери Медет кызы австриялык Мартина Кюнц менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз спортчусу 4:2 эсебинде утулуп жатканда Кюнцтин белине кучактап эки ирет оодарып салганга жетишти. Жыйынтыгында 6:4 эсебинде Медет кызы алтын медалды багындырды.

Аталган турнирде Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, Түркиядагы грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан 17 балбан аттанган.