Кыргызстан 2021-жылы ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетти
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ички дүн продукциянын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, Кыргызстандын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчтөрдү көрсөттү жана тейлөө чөйрөсүнүн жана өнөр жай тармактарынын өсүү темпин жогорулатуу менен камсыз болду.
Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөсү боюнча, 2021-жылга карата ИДПнын көлөмү 723,1 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 103,6%ды, ал эми Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда өсүү темпи 103,9%ды (2020-жылы — 91,1%) түздү.
ИДПнын дефлятору 116% деңгээлинде болду.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 5,0 %га, курулушта – 4,8 %га төмөндөгөн, ал эми өнөр жайда – 7,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,5 %га өскөн.
«Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 41,4%ды, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 45,2%ды түздү», — деди министр.
2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы экспорттук жеткирүүлөрдүн азайышы алтынды берүүнүн 3,2 эсеге, тирүү жаныбарларды — 1,8 эсеге, жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү — 20,9%га, баалуу металлдын рудаларын жана концентраттарын — 2, 2%ге төмөндөшүнө байланыштуу.