Кыргызстанда тышкы соода жүгүртүү дээрлик 7 млн долларды түздү. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев  маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, соода саясаты тармагында 2021-жылдын алдын ала маалыматтары боюнча, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6 млн 800 миң долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 19,5%га көп.

Анын ичинен экспорттун көлөмү 1 млн 610 миң долларды түзсө, алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү 1 млн 250 миң долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 26,7%га көптүк кылат.

Импорттук түшүүлөр – 5 млн 190 миң доллар деңгээлинде болуп, 39,6%га өскөн.