26-февралда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясы Жогорку Кеңеште «Альянс« партиясыннын бош депутаттык мандатын
Эмил Жамгырчиевге тапшырды.
Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Жамгырчиев Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп
дайындалган Алтынбек Сулаймановдун ордуна келди.