Коом
Кишинев Sputnik Молдова агенттигинин ишине тыюу салды
Расмий Кишинев Sputnik Молдова агенттигинин ишин токтотту.
Sputnik Ближнее зарубежье кабарлагандай, редакцияга бийликтин агенттикти жабууну талап кылган каты 26-февралда түшкөн. Сайт дал ушул күндөн тарта иштебеши керек. Ал эми радиоберүүлөрдү 7-мартка чейин улантса болот.
Sputnik.md сайты учурда иштебей жатат.
Билдирүүгө караганда, сайт Маалымат жана өлкөнүн коопсуздугу кызматынын чечими менен жабылды.