Бүгүн, 28-февралда, күндүз Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 12…17, Талас облусунда 10…15 градус жылуу болот. Ысык-Көл облусунда 4…9, Нарын облусунда 3…8 градуска жетет.

Ал эми, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү табы 14…19 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы 15…17 градус жылуу болот.