2022-жылдын 25-февралында Бишкек шаарынын «Асанбай» борборунда WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation) — «Кулатуу Эртаймаш ММА» улуттук күрөшүнүн кесипкөйлөрүнүн арасында эл аралык турнир өткөрүлүп, анда Орто Азиянын мыкты спортчулары таймашты. Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кулатуу эртаймаш улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясы менен өнөктөш болду.


Кулатуу Эртаймаш – грециялык «Панкратион» жана бразилиянын «Вале Тудо» жеке таймаштарына окшош, туруп же жатып мушташканда сокку техниканы колдонуу менен толук контакттуу болгон, ММАнын эл аралык стандарттарына жана эрежелерине ылайык келген таймаш. Кыргызстанда бул улуттук спорттун түрү болуп эсептелет.
WEF GLOBAL (World Ertaymash Federation) — «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын эл аралык кыскартылган аталышы.
Ачылыш аземинде «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, Антонина Шевченконун жана Валентина Шевченконун машыктыруучусу жана насаатчысы Павел Федотов жана ИИМдин БМЖКККнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери Таалай Суваналиев сөз сүйлөп, спортту жайылтуу, дени сак жашоону үгүттө, калкты үзгүлтүксүз дене тарбия маданиятына жана спортко тартууга, спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү менен Орто Азиядагы жана алыскы чет мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, эл аралык достук спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүгө, Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин күчтүү спортчуларын табуу бул иш-чаранын максаты болгонун белгилешти.

ИИМдин Басма сөз кызматы