Тагдыр: Катуу сындым, өз апамды ушунчалык жек көрдүм…
Бүгүн мен жатып алып ушул ойго келдим. Бир чети муунум бошоп, көзгө жаш алсам, бир чети өзүмө, көктүгүмө катаал мүнөзүмө жиним келет. Ал ой, мен каза болсом артымдан «аталап» жоктоор уул-кызымдын жоктугу.
Туура, менде баары болот эле. Ошондо апам каршы чыгып, көктүгүнө салып, «ал кызды албайсың, мен айттымбы бүттү, болбосо менин балам эмессиң» дегени болбогондо.
Бул окуя мындан бир топ жыл мурун, техникумда окуп жүргөндө болду. Анда мен жаш кезим, чачымды артты көздөй кайрып тарап, канчалаган кыздар менен кат алышып жүргөн убак. 3-курска көчкөндө кокустан автобустан бир кыздын бутун басып алдым. Ыңгайсыз абалда калып, улам кечирим сурайм. Ал да мени карап «эч нерсе эмес» деп жылмайып карайт. Автобустан экөөбүз бир аялдамадан түштүк. Байкасам биз барчу дарек бир экен. Окуу жайга жеткенче кобурашып бардык. Ошентип күндө көрүшүп, саламдашып ал-акыбал сурашып жүрүп сүйүп калдым. Сүйгөндө да катуу сүйдүм, бүт ааламды унутуп сүйдүм. Башкага ыраа көрбөй өзүмдүкү болсун деп, үйлөнөм деп чыктым. Бул оюма апам каршы чыкты. «Студент болсоң катыныңды кантип багасың, алгач окууну аякта. Ал кызды алчу болсоң анда мени апа дебе. Ата жотосун тааныбаган кызды алам дейт» деп койду. Атамды ортого салдым, баары бир майнап чыкпады. Окууну аяктаганча ал кызды башка бирөө ала качты. Ошондо катуу сындым. Асманым үзүлүп жерге түшүп, апамды ушунчалык жек көрдүм. Өз баласына бакыт каалабаган кандай апа деген ой мээмде жашап алды. Ошондо мен эми үйлөнбөйм, кыз сүйбөйм деп өзүмө сөз бердим. Окууну аяктап, иштеп жүрдүм. Апам бир кызды таап «үйлөнөсүң» деп чыкты. Мен көнбөдүм. Апам менден кичүү инимди үйлөндүрдү. Алар балалуу болушту. Баласын ушунчалык жакшы көрөм. Жумуштан келе жатып таттууларды ала келем. Ал ансайын «чоң ата» деп жабышат. Экөөбүз ойнойбуз. Ошондой күндөрдүн биринде кокустан келиним менен инимдин урушуп жатканын угуп калдым.
— Качанга чейин баарын мен жасайм. Үйлөнбөйбү. Дагы канча кирин жууйм, — деген келинимдин ый аралаш сөзүн уктум.
Эч кимге айтпадым да, өзүнчө жашайм деп батирге чыктым. Ошол күндөн тартып жалгыздык менин жолдошум болду. Ата-энеме барып турам. Алар баягы эле “үйлөнсөң боло көзүбүз өткөнчө” деген сөзүн айтат. “Ата жотосун тааныбаган кыз албайм” деп айткым келет, бирок апамдын көңүлү оорубасын деп эч нерсе айтпайм.
Күндөр өтүп карындашым да турмушка чыкты. Көктүгүмө салып жүрө бердим. Бир эсе апама таарынам, бир эсе мени «сүйдүм» деп башкалар ала качса кете берген сүйгөнүмө таарынам. Болгон ызамды жумуштан чыгарам. Унаанын түрүн алып айдадым. Ичине кыздарды отуругузуп, эс алып, мас болуп бактарды сүзгөн күндөр да болду. Айтор баарын да баштан өткөрдүм. Бирок, кечээ жакында ковид болуп ооруп, нары барып бери келдим. Ошондо апам байкуш аябай капа болуп ыйлаптыр. “Баягыда эле айткан кызына үйлөнтсөм болмок. Азыр эми бир нерсе болуп кетсе артында туяк калбайт” деп. Ооруканада жатканда мен да ушуну ойлодум. Кокус бир нерсе болуп оо дүйнө кетсем артымда “ата” деп жоктоп ыйлачу же кызым жок, же балам жок. Баягы эле апам байкуш кан басымы көтөрүлгөн бойдон “балам” деп боздоору анык. Көктүгүмдүн кесирин бүгүн сездим. Жашым кырктан өткөндө, дагы да кеч эмес деп, бүлө күтсөмбү деген ой келди….
Жылдызбек. Бишкек
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.