Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-мартта башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп окуучулары 21нен 30-мартка чейин, жалпысынан 10 күн эс алышат. Ал эми 31-марттан баштап кайрадан окуу башталат.