Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан @sbnon_kg А.Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи менен биргеликте Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин @oscebishek көмөгү алдында  8-класстын окуучулары арасында «Биз дени сак Кыргызстан үчүн» аттуу мыкты дубал гезит жана сюжет боюнча сынак өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын начальнигинин орун басары Нурлан Турусбеков, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Программалык кеңсесинин элчисинин орун басары Расмия Казымова, лицейдин директору Мурат Касымалиев, ошондой эле 8-класстын окуучулары, мугалимдер жана ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери катышкан.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Нурлан Турусбеков белгилегендей, тандалып алынган «Биз дени сак Кыргызстан үчүн» деген тема биздин коомду баңгизаттардын ар кандай түрлөрүнөн, оорулардан жана зордук-зомбулуктан тышкары болуу маанисин камтыйт!

Ал эми, Расмия Казымова, “Дүйнө жүзүндө баңгизаттарды колдонуучулардын саны өсүүдө, демек, жаштардын зыяндуу заттарды колдонуусуна жол бербөөгө, “ЖОК” деп айтууга үйрөтүүгө багытталган иш-чаралар бекем жана дени сак улутту калыптандырууда маанилүү” – деп белгиледи.

Балдар кызыктуу эскиздерди, түстүү дубал гезиттерди, өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал жакта айрыкча балдар байлык издеген чоңдорго пародия жасап, балдарга көңүл бурулбай калган көрүнүш ачык көрсөтүлдү.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу байгелүү орундарга ээ болгон төрт классты тандап алышты.

Жеңүүчүлөр ЕККУнун эл аралык өнөктөштөрү тарабынан берилген тастыктамалар жана эстелик белектер менен сыйланышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы