Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “Вертекс Голд Компани” ЖЧКнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат уктурулду. Анда депутат Жеңишбек Токторбаев аталган компаниянын лицензиялык келишими кайрадан каралышы керектигин баса белгиледи.

“Вертекс Голд Компани” ЖЧКсы 11 жылда 3 млрд 367 млн 800 мин сом же 39 млн долларга жакын гана салык төлөгөн. Такталбаган маалыматтар боюнча анда 30 тоннанын тегерегинде алтындын запасы бар. Ошондой эле 11 жылда 6 тонна алтын чыгарышкан, орточо баасы 360 млн долларды түзгөн. Эми салыштырып көргүлө бизге төлөгөнү 39 млн доллар, а чыгып кеткен алтындын баасы 360 млн доллар. Демек Вертекс компаниясы 10 эсе көп пайда көрүп жатат. Эгерде мамлекеттин үлүшү жок дегенде 25% түзсө, казынага 100 млн долларга жакын каражат түшмөк.

Мындан сырткары Чаткал районунда “Эки Бакыр Терексай”, “Кичи-Чаарат”, “Чаарат”, Ала-Бука районунда “Каз Миниралз Бозымчак”, “Фул Голд Майнинг” (Иштамберды, Иштамберды уч-к восточный) кен иштеткен ири компаниялар бар.

Жогоруда аталган фактылардын негизинде Кыргызстанга чоң өлчөмдөгү экономикалык зыян келгени айдан ачык көрүнүп турат», — деди эл өкүлү.