Кыргызстан боюнча энергетика тармагында үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык облустарында электр чубалгылары, трансформаторлор, көмөкчордондору ондоп-түзөөдөн өтөт.

«Буга байланыштуу убактылуу өчүрүүлөр болорун кабарлайбыз. Министрликтин алдындагы ар бир ишкананын маалымат катчылары сиздерге массалык маалымат каражаттары аркылуу алдын ала өчүрүүлөр туралуу кабарлап турушат», — деп айтылат маалыматта.

Энергетика министрлигинен билдиргендей, аталган оңдоо иштери 2022-жылдын планын негизинде ишке ашып жатат.