Кыргызстанда 2022-жылга токойлорду коргоого 97 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралып, быйылкы жылга токойлорду коргоо, коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жумшала турганы такталды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаралардын алкагында 1130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана себүү, 13,1 миллион даанага көчөт  өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда.

Ошондой эле питомниктерди изилдөө жана химиялык тазалоо иштери жүргүзүлөт.