2022-жылдын 27-февраль түнү саат 23:35 чамасында Өзгөн районунун Жыланды айыл өкмөтүнө караштуу Жыланды айылында өзүнүн жашаган үйүндө 23 жаштагы М.Б., жансыз денеси үйүнүн бөлмөсүндө жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 27-февралында 23:50 убактысы менен Өзгөн райондук ИИБнын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу, Өзгөн райондук ИИБнин жетекчилиги, Ош ОИИБнын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Өзгөн районунун Жыланды айыл өкмөтүнө караштуу Жыланды айылынын Беш-Кепе участкасынын Э.Аттокуров көчөсүнүдө өзүнүн жашаган турак үйүндө алдын ала текшерүүдө  1999-ж.т. К. уулу Б. Аттуу жарандын инсандыгы такталган, анын жансыз денеси киши колдуу болуп үйүнүн бөлмөсүндө жаткан жеринен табылган, маркумдун баш бөлүгүндө мүйүздүү кандайдыр бир буюмдан сокку алгандыгы аныкталган.

Маркум К. уулу Б. аттуу жарандын каза болгон жеринде кароо жүргүзүлүп,  анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн, окуя болгон жерден далил буюмдар алынган.

Жансыз денеге окуя болгон жерде Ош облусттук Соттук-медициналык бюросунун экспертинин катышуусунда сырттан кароо жүргүзүлүп, эксперттин айтуусунда маркумдун баш бөлүгүндө мийздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгондугун билдирген. Жансыз дене Өзгөн райондук мейтканасына жеткирилип, маркум К. уулу Бнын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык  жана

соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган.

Аталган жагдай боюнча Өзгөн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-бер. 2-б. 7-п. менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иш боюнча Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачууга карата буйрук, иш-мерчем түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу максатында курамында тажырыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш чаралар жүргүзүлө баштаган.

2022-жылдын 27-февралында Өзгөн РИИБдин жана Ош ОИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун аймагына иш сапарына чыгып, Кызыл-Кыя шаарында ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө маркум К. уулу Б. жаранга тийиштүү  Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү  жүк ташуучу авто унаа табылып жана авто унаа менен кошо уурдалып кеткен маркумдун минген аты табылган, аларга  кароо жүргүзүлүп кылмыш иши боюнча далил буюм катары алынган.

Ыкчам иш-аракететердин натыйжасында 2022-жылдын 1-мартында Баткен облусунун Кызыл-кыя шаарында жайгашкан  мейманканалардын биринен адам өлтүрүп коомчулукта чуулгандуу (резонанс) маселе жаратып өзгөчө оор кылмышка шектелген “К” аттуу жаран кармалып, Өзгөн РИИБнин Тергөө кызматына жеткирилген.

Тергөө учурунда “К” атту жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын тургуну, мурда соттолгон 1974-жылы туулган И.К. экендиги аныкталган.

Шектүү  жактоочусунун катышуусунда видеокамераны  колдонуу менен окуя боюнча суракка алынып, жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96,97-бер. негизинде Өзгөн РИИБдин УКЖна киргизилген.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы