Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Бул каражат автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.

“Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 млн евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн евро бөлүнөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары ЕРӨБ 8 млн евро өлчөмүндө грант да бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн евро каралган”,- деп айтылат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматтында.

Талкуу маалында борбордогу унаа тыгындарын азайтуу, ата-мекендик өндүрүштөн чыккан автобустарды пайдалануу, экологиялык маселелерге көңүл буруу жана жол кире акыларын шаар тургундарына ылайыктап бекитүү багытындагы сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилей кетсек, жыйынында “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.